Жогорку Сот Албек Ибраимовду камакта калтырды

1 октября 2018 17:45 1422 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Сот  Бишкек шаарынын  мурдагы мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы карады.  Жыйынтыгында Биринчи Май райондук сотунун Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан чечими күчүндө калды. Сот жабык эшик артында өттү.

 Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.

Эске салсак, 19-июлда Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ибраимовду буга чейин козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармаганын билдирген.

Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда бюджетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-albek-ibraimovdu-kamakta-kaltyrdy



Добавить комментарий