Жогорку Кеңештин төрагасы UFC мушкери Рафаэль Физиевди жеңиши менен куттуктады

20 июля 2020 15:08 983 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Дастан Жумабеков Рафаэль Физиевди кезектеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 19- июлда Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарындагы “Мушкерлер аралы” спорттук аянтында «UFC Fight Night 172» турниринин алкагында кыргызстандык Рафаэль Физиев британиялык мушкер Марк Диакези менен беттешкен. Жыйынтыгында Рафаэль Физиев жеңишке жеткен.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Кыргызстандык спортчу мене телефон аркылуу сүйлөшүп, аны кезектеги жеңиши менен куттуктады.

"Бул беттешүү кыргызстандык күйөрмандар үчүн чоң кубаныч болду. Мекенибиздеги оор кырдаал учурунда,  мындай жогорку деңгээлдеги жеңиш жакшы маанай алып келди" - деп белгиледи төрага.

Белгилей кетсек,  муну менен Рафаэль Физиев ММА спортунда 9 беттеш өткөрүп 8 ирет утуп, 1 жолу жеңилген. Бул кыргызстандык мушкердин UFC уюмундагы үчүнчү беттеши болду.

Атаандашы Марк Диакези 17 беттештин 14үн утуп, 3 жолу жеңилген.


Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-tragasy-ufc-mushkeri-rafael-fizievdi-zheishi-menen-kuttuktady-video



Добавить комментарий