Жогорку Кеңештин тармактык комитети даттанууларды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачты

4 апреля 2020 13:27 947 Barometr
Поделиться в:
ok

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк жана контролдук функцияларын ишке ашыруу, өзгөчө абал учурунда жарандар менен эффективдүү жана үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн, даттанууларды жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан жасалган айрым мыйзам бузууларга карата тез аранын ичинде чара көрүүнү талап кылган кырдаалдар жөнүндө каттарды жана маалыматтарды кабыл алуу үчүн атайын электрондук почта ачып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Сиздердин каттар каралып, өз убагында чара көрүү жана чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына жана башка мамлекеттик органдарга жиберилет. Кайра байланышуу үчүн, катыңызда өздүк маалыматтарыңызды калтырууну суранабыз.

Кайрылуулар үчүн электрондук почта: pravoporyadok7@gmail.com

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-tarmaktyk-komiteti-dattanuulardy-kabyl-aluu-chn-atajyn-elektronduk-pochta-achty



Добавить комментарий