Жогорку Кеңештин отурумунда жаңы депутат Нурбек Тотонов ант берди
"Республика-Ата Журт" фракциясынын жаңы депутаты Нурбек Тотонов Жогорку Кеңеште ант берди. Бүгүн, 31-октябрда парламенттин кезектеги жыйыны болуп жатат.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Асель Кодуранова депутат Нурбек Тотоновдун ишине ийгилик каалады.
26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуп мандатын Нурбек Тотоновго тапшырган.
Нурбек Тотонов 41 жашта, 2014-жылдан бери оор атлетика федерациясын жетектеп келген.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" компаниясынын директору болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-oturumunda-zhay-deputat-nurbek-totonov-ant-berdi
Добавить комментарий ×