Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу абактан бошотулду
Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышындагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу абактан чыкты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Дамирбек Асылбек уулун бошотуу боюнча чечимди Жогорку Сот 19-августта чыгарган. Бул боюнча Жогорку Сот азырынча маалымат бере элек.
Эскерте кетсек, былтыр, 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны "улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө", "экономикалык контрабанда" беренелери боюнча кылмыштарга күнөөлүү деп табышкан. Дамирбек Асылбек уулу өлкөгө 18-ноябрда экстрадицияланган.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-murdagy-deputaty-damirbek-asylbek-uulu-abaktan-boshotuldu
Добавить комментарий ×