Премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги көрсөтүлдү

1 февраля 2021 11:39 2094 Barometr
Поделиться в:
ok

1-февралда парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерлерди карайт. Бул тууралуу журналисттерге Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов билдирди.

Ал ушул эле жыйында өкмөттүн программасы, түзүмү жана курамы талкууланарын белгиледи. 

"Республика - Ата-Журт" фракциясы премьер-министр кызматына Улукбек Мариповдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын төрагасы Иса Өмүркулов жыйында билдирди.

Учурда Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралып жатат. Бүгүн талапкерлигин бекитип берсе, программасын жана өкмөттүн курамын көрсөтмөй болду.

Көпчүлүк коалиция жактыргандан кийин, бул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин мүчөлөрү тарабынан каралат, андан кийин маселе жалпы талкууга парламентке коюлат.

21-январда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандыгына байланыштуу Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматынан бошотуп, учурдагы өкмөттү толугу менен кызматтан кетиген.

Ошол эле учурда, президент инаугурациядан кийин парламент жаңы премьер-министрди жана жаңы министрлер кабинетин шайлай турганы кабарланган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-kpchlk-koaliciyasy-premer-ministrdin-talapkerligin-zhana-kmttn-zhay-kuramyn-karap-zhatyshat



Добавить комментарий