Кыргызстан күйүүчү майга болгон көз карандылыгын азайтууну көздөйт
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети “Биоотун жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоору экологиялык жана экономикалык абалды жакшыртуу менен отун боюнча импортко көз карандылылыкты азайтуу багытында иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө биоэтанол өндүрүшү үчүн эң пайдалуу сырье болуп шире эсептелет. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча 25 миң гектар жерге эгилген кант кызылчасы өлкөнү жылдык керектөөсүн 100%га жабат. Бул өз кезегинде 1,3 млн. декалитр биоэтанол өндүрүүгө жарайт.
Алсак, "Карабалта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы спирт өндүрүшү боюнча жеке заводдор менен атаандаша албайт. Себеби, Чүй облусунда эле спирт өндүрүүчү төрт жеке завод иш алып барат. Буга байланыштуу "Карабалта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын базасында бир жылга 1,5 млн. кубаттуулуктагы биоэтанол өндүрүү иши колго алынса, 140 млн. сомдун тегерегинде гана каржы жумшалмак.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-komiteti-biootun-zhnnd-myjzam-dolboorun-ekinchi-okuuda-karady
Добавить комментарий ×