Жогорку Кеңештин депутатынын кабинетине кимдир бирөө фекалий таштап кеткен

8 июля 2021 13:14 1508 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн социалдык баракчасына анын кесиптештеринин биринин кабинетине белгисиз адам фекалий таштап кеткенин билдирди.

Бекешев депутаттын аты-жөнүн жана кабинетинин номерин айткан эмес.  

“Мыйзам чыгаруучулар мыйзам долбоорун карап, суроо берип жатышканда Жогорку Кеңештин  кызматкерлеринин бири өлкөдө болуп жаткан башаламандыктан чарчаганбы же бийликке ачуусу келгенби же жөн гана ичи ооруп калганбы, үчүнчү кабаттагы депутаттын биринин кабинетине экскремент түрүндөгү өзүнүн аргументин коюп кетиптир. Ушунчалык жыттангандыктан сөз менен айтып жеткире албайсың. Жоопкерчилик жоголду”,-дейт парламентчи.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputatynyn-kabinetine-kimdir-bir-fekalij-tashtap-ketken



Добавить комментарий