Жогорку Кеңештин депутаттары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарын эскеришти

8 мая 2020 17:54 900 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев, Абдувахап Нурбаев, Талайбек Масабиров жана Тазабек Икрамов бүгүн, 8-майда Жеңиш майрамын утурлай "Парламентаризм сабактары" онлайн-талкуусунда өздөрүнүн ата-бабаларынын согуштагы эрдиктери тууралуу баяндап беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Чыныбай Турсунбеков эскергендей  атасы Акун Турсунбек уулу эки ирет фронтко барган. 

"Биринчи жолу 1942-жылы аттанып, бирок аны жашы жете электигине байланыштуу кайра жөнөтүшкөн. Бир жылдан кийин 1943-жылдын аягында кайрадан фронтко чакыртылган. Атам көп сүйлөбөгөн киши болгондуктан, согуш тууралуу да айта берчү эмес. Согушту мындан ары эч ким көрбөсүн деп гана көп айтар эле",- деди депутат.

Ошондой эле эл өкүлүнүн атасы Акун Турсунбек уулу легендарлуу минамёт "Катюшанын" кампасын кайтаруу бөлүмүндө кызмат кылып, Варшавага чейин жеткен экен. Жеңиштен соң аларга токойлордо жашырынып калган фашисттик аскерлерди  жок кылуу тапшырмасы берилгендиктен, бул милдетти аткарып бүтүп, жолдоштору менен Варшавадан үйгө жөө жөнөшкөн.

Ал эми депутат Наталья Никитенко да Улуу Ата-Мекендик согуш ар бир үй-бүлөгө таасир этип, кара так калтырганына токтолду. 

"Ар бир үй-бүлөнүн өз тарыхы бар. Биздин үй-бүлөдөн да мага эң жакын эки чоң атам согушка барып, баатырларча согушкан. Таятам Лелеков Алексей Иванович жөө жоокер катары Рокоссов аскеринин катарында согушкан. Ал эң кандуу Курск салгылашуусунда жарадар болгон.  Госпиталдан айыгып чыккан соң   кайрадан согуш талаасына барып, Польшага чейин барган. Ал жерден экинчи жолу жарадар болгон. 1944-жылы Фрунзе шаарына кайтып келген. Чоң атам Никитенько Илья Миронович болсо Карель фронтунда, биринчи жана экинчи Прибалтика фронтунда согушкан. Ленин ордени, Кызыл жылдыз ордени, Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени, башка ондогон медалдар менен сыйланып, 1945-жылы үйгө кайткан", - деди ал.

Талкууга катышкан депутат Тазабек Икрамов да чоң атасы Аланбай Стамкулдун согуш баяндары менен бөлүштү. Тазабек Икрамовдун чоң атасы Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылдан 1943-жылга чейин катышып, Калининградда оор жаракат алып, натыйжасында бир бутунан ажыраган. 

"Ал аябай кайраттуу, эр жүрөк адам болгон. Согуш тууралуу айтууну жактыра берчү эмес. Атам Икрам Стамкулов да согуш жылдарында жаш экенине карабай мугалим болуп иштеген. Бул кесипти атам 60 жыл аркалады",- деп эскерди депутат.

Мындан тышкары депутат Талайбек Масабиров да өзүнүн чоң атасы Ибрагим Масабировдун айтып берген баяндары менен бөлүштү. 

"Чоң атам кичи лейтенант болуп, минамёт взводун жетектеген. Ал Литваны, Белоруссияны бошотуу үчүн салгылашкан. Согуштагы каармандыгы үчүн СССРдин эң жогорку сыйлыгы - Кызыл жылдыз орденине татыктуу болгон",-деп белгиледи эл өкүлү.

Депутат Каныбек Иманалиев да снайпер абасы Абыкей Токталиев тууралуу айтып берди. 

"Ал чыныгы баатыр болгон. Бир айдын ичинде 21 фашистти жок кылган. Анын эрдиктери тууралуу аскерий гезиттерге макалаларды жазышкан. Көп жылдар бою биз анын сөөгү кайда жашырылганын билбей жүрдүк. Санкт-Петербург шаарындагы Пушкин районунда сөөгү жатканы жакында эле болду",-деди Каныбек Иманалиев.

Муну менен катар Раш Нурбаевдин эрдиги жөнүндө депутат Абдувахаб Нурбаев ой бөлүштү. 

"Раш Нурбаев Сталинград салгылашуусунда курман болгон. Өзүнүн акыркы катында  абам Сталинград үчүн согушуп жатканын жазган. Анын ысмы Волгограддагы Мамаев курганына жазылган",-деп белгиледи депутат.

Эске салсак, быйыл Жеңиштин 75 жылдыгы белгиленет. Бирок коронавирус пандемиясынан улам бул датаны утурлай уюштурула турчу иш-чаралар болбой калды.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputattary-uluu-ata-mekendik-sogushka-katyshkan-atalaryn-eskerishti



Добавить комментарий