Депутаттар акимди дайындоо боюнча мыйзам долбоорун сынга алышты

20 ноября 2019 11:36 984 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеште жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун кароо жол-жоболору улантылды. Демилгечилер – депутаттар тобу. 

Демилгечилердин бири Акылбек Жапаровдун айтымында, КР Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы “Аймактарды башкарууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. 

Талкууда депутат Нурбек Тотонов аракеттеги мыйзамда айылдык кеӊештердин кошмо жыйыны район акимине ишеним көрсөтпөө ыйгарым укугу бар экендигин, долбоордо эмне себептен алынып жаткандыгына кызыкты. 

Депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, мындай түзөтүү Башмыйзамга ылайык, жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Депутат Тариель Жоробеков мыйзам долбоорунда муниципиалдык кызматтарда иштегендердин жергиликтүү кеӊештерде депутат болушу коррупцияга алып келиши мүмкүндүгү сыяктуу көп мүчүлүштүктөр бар. Жыйын жүрүшүндө айылдык кеӊеш депутаттарынын саны 15, 25 жана 31 болуп көбөйтүлүшү долбоордун жер-жерлердеги талкууларында ушундай сунуштар болгондугунан улам, өзгөртүлгөндүгү белгилүү болду. 

Мындан сырткары, айылдык кеӊештердин депутаттарында жогорку билимдин талап кылынышы ар кандай пикирлерди жаратты. Бир катар депутаттар айыл жерлеринде жогорку билими жок, бирок айыл турмушун оӊдоого салым кошо турган жарандар арбын экенин айтып, жогорку билимдин талап кылынышы анчейин туура эмес деген пикирлерин билдиришти. 

Депутат Таалайбек Масабиров район акимдеринин ыйгарым укуктарынын күчөтүлүшү менен алардын жоопкерчилиги дагы ага жараша катыланышы керектигин ортого салды.

Суроо-жооп уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshte-zhergilikt-bijlik-organdarynyn-rolun-zhana-zhoopkerchiligin-kchtg-bagyttalgan-myjzam-karaluuda



Добавить комментарий