Жогорку Кеңеште жаштар сунуштарын айтышты. Элдер: "Ырчы менен футболчудан башка жаштар жокпу?"- деген суроолорду калтырышты
Жогорку Кеңешке "Жаштар платформасы" деп аталган жаштардан түзүлгөн уюмдун жаштары барып, өздөрүнүн ой-пикирлерин сунуштарын айтышкан. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев жеке баракчасы аркылуу билдирди.
Ал: "Дымактуу жаштарды Жогорку Кеңешке чогултуп, өкмөткө реалдуу сунуштарын айтууга шарт түзүп бердик. Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Алтынай Өмүрбекова баш болгон өкмөт мүчөлөрү да катышып, жаштардын сунуштарын угушту. Жаштарды иш жүзүндө колдойбуз. "Жаштар платформасын" уюштурууга салым кошкон бардык жаштарга ыраазымын"-деп жазган.
Депутат жүктөгөн сүрөттөн улам Жогорку Кеңешке футболист Азамат Байматов, ырчы Урмат Усенов жана башка элге таанымал адамдар бар экенин көрүүгө болот. Буга интернет колдонуучулар "Ырчы, чоорчу, футболчу жана элдин чыныгы көйгөйүн билбеген, карапайым калктын кандай жашап жатканын көрбөгөн, тегерегиндеги шеринелештерин чогултуп алган го, чыныгы эл көйгөйүнө көкүрөгү күйүп жанган жаштар кайда?"-дешти.
Добавить комментарий ×