Жогорку Кеңеште “Эйр Кыргызстан” компаниясы мамлекетке зыян алып келип жатканы айтылды

11 октября 2018 10:32 888 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-октябрда Жокоргу Кеңештин жыйынында “Эйр Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси мамлекетке зыян алып келип жатканы айтылды. Депутат Тазабек Икрамов ушул убакка чейин өкмөт тарабынан эч кандай чара көрүлбөй жатат дейт.

“Мен буга чейин бир топ жолу “Эйр Кыргызстандын” жетекчиси боюнча маселе көтөргөм. Бирок ушул күнгө чейин өкмөт тараптан эч кандай кыймыл жок. Буга чейинки 8 жыл мурун иштеп жүргөн мамлекеттик компанияны алмаштыргандан бери бүгүнкү күнү банкротко алып келип ушундай жоготууларга алып келген компанияны өкмөт кармап отурат. Буга чейин факты түрүндө кандай банкрот кылгандыгы туурасында айтып кеткем. Мамлекеттик компаниянын эки учагы тең азыркы күндө жок. Бир учак чет өлкөдө арендада жүрөт. 2018-жылы апрель айында ижара убактысы бүтүп самолёт келмек. Азыр октябрь айы болду ал самолёттон дайын жок, ушуну текшерүүгө алыңыздар. Балким компания ижарадагы самолётту да сатып  жибергендир” деди эл өкүлү.  

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshte-ejr-kyrgyzstan-kompaniyasy-mamleketke-zyyan-alyp-kelip-zhatkany-ajtyldy



Добавить комментарий