Жогорку Кеңеште добуш берип жаткан 101 депутаттын баары тең Тышкы иштер министрлигине сунушталып жаткан Чыңгыз Айдарбековду колдоду

17 октября 2018 15:25 1329 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 17-октябрда Жогорку Кеңеш Тышкы иштер министрлигине сунушталып жаткан Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды. 

Добуш берүүгө катышкан 101 депутаттын баары тең "макул" деп колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депуттардын атынан куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Буга чейин өкмөт башчы Чыңгыз Айдарбековдун жаш экендигине карабай элчилердин арасында аброю бар экендигин айтып, анын кылган эмгегинин арты менен Япония менен Кыргызстандын ортосундагы алака жакшырып бара жаткандыгын белгилеген. 

Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктап, “эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы – ошол эле университеттин “юриспруденция” боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура деңгээли ыйгарылган.

Эмгек иш-аракетин 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ Башкы башкармалыгында атташе кызмат ордунда баштаган.

2001-2003-жылдары – КРнын ТИМинин КМШ Башкы башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өтөгөн;

2003-2005-жылдары – Кыргызстандын ТИМинин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы;

2005-2008-жылдары – Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргызстандын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү;

2008-жылы – Кыргызстандын ТИМинин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча бөлүмүнүн жетекчиси;

2008-2010-жылдары – Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинин кеӊешчиси;

2011-жылы – Кыргызстандын президенттик аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;

2012-2016-жылдары – Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси;

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;

Сыйлыктары

2014-жылдын 29-декабрында КРнын президентинин жарлыгы менен “Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини ыйгарылган.

2017-жылдын 24-октябрында КРнын президентинин жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси” дипломатиялык рангы берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshte-dobush-berip-zhatkan-101-deputattyn-baary-te-tyshky-ishter-ministrligine-sunushtalyp-zhatkan-chygyz-ajdarbekovdu-koldodu



Добавить комментарий