Жогорку Кеңеш жалпы жыйынга 12-сентябрда чогулат

6 сентября 2018 20:30 890 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга 12-сентябрда чогулат. Бул  тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалым болгондой, учурда депутаттар фракцияларда жана тармактык комитеттерде иштеп жатышат. Регламентке ылайык жалпы жыйында карала турган маселелердин күн тартиби адегенде фракцияларда, андан кийин комитеттерде каралууга тийиш. 

Белгилей кетсек, жайкы эс алуудан кийинки алгачкы сессиясынын ачылыш салтанатын Жогорку Кеңеш 4-сентябрда өткөргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-zhalpy-zhyjynga-12-sentyabrda-chogulat



Добавить комментарий