Жогорку Кеңеш тышкы иштер министрине Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды
Поделиться в:
Бүгүн Жогорку Кеӊеште премьер-министр тарабынан тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Айдарбеков Чыӊгыз Азаматовичтин талапкерлиги каралды. Аны депутаттарга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Анын пикиринде, Чыӊгыз Айдарбеков тажрыйбалуу кесипкөй дипломаттардын бири, ошондон улам, ал министрликке толук татыктуу талапкер.
Добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен Чыӊгыз Айдарбековдун талапкерлиги тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындоого жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.
Добавить комментарий ×