Жогорку Кеңеш Кыргызстанда жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүүнү колдогон жок

23 октября 2019 19:11 3397 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеӊештин депутаттары «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун 3 сааттай карап, аны четке какты.

Мыйзам долбоору "Кыргызстан – жашыл экономика өлкөсү" концепциясынын алкагында иштелип чыккан. Ага 40тай депутат  демилгечи болгон.

Мыйзам долбоору аркылуу 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын баардык аймагында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага (Ovis ammon), тоо эчкисине (Capra sibirica), эликке (Capreolus pygargus), маралга (Cervus elaphus asiaticus), каманга (Sus scrofa) аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталды.

Депутат Эмил Токтошевдун пикиринде 2016-жылы бул мыйзам долбоору анда жаныбарлардын көп түрү киргизилгени үчүн кабыл алынбай калган. Демилгечилер бул ирет эксперттердин, эколог адистердин кеңештерин угуп, 5 түрдөгү жаныбарларды киргизген.

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирди. “Мыйзам кабыл алынып калса, агенттике кошумча иш-милдеттер жүктөлөт. Анан аны аткаруу алкагында кошумча техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу, жаңы жумушчу орундарын ачуу үчүн кошумча каражат талап кылынат. Ошондуктан, биз буга азырынча даяр эмеспиз”, - деди ал.

Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдоо менен бирге, жапайы жаныбарларды коргоо ишине эл аралык донорлорду тартуу, мыйзамсыз аңчылык кылган адамдарга карата айыппул өлчөмүн кескин көтөрүү, алардын жоопкерчилик чараларын кыйла катаалдаштыруу, бул боюнча башка мыйзамдарга да тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарын беришти.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору аркылуу 2020-жылдан тарта Кыргызстандын аймагында төмөнкү жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда: аркар-кулжа, теке-эчки, элик, марал-бугу, доӊуз. Тыюу салуу мөөнөтү – 10 жыл же мораторий 2030-жылга чейин созулууга тийиш.

Мораторийге депутат Бактыбек Турусбеков да каршы чыкты. Ал мыйзам долбоору эле кызмат керектигин, бирок Өкмөттүн макулдугу жок экенин белгилеген соң, профилдик омитеттин депутаттарынын пикирлери эки жээке бөлүндү.

Мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгында 82 депутат четке кагуу үчүн добуш берди, 27си каршы чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-kyrgyzstanda-zhapajy-zhanybarlarga-chylyk-kyluuga-moratorij-kirgizn-koldogon-zhok



Добавить комментарий