Жогорку Кеңеш Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

2 октября 2019 11:38 1400 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы Курмантай Абдиевди ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тототуу сунушуна Жогорку Кеӊеш макулдук берди. Мыйзамга ылайык, өлкө президенти ушундай сунуш киргизген.

Президенттин Жогорку Кеӊештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, Курмантай Абдиев 2019-жылдын 1-октябрында 70 жашка толду. Ал V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон. Ага чейин Курмантай Абдиев прокуратура органдарында, сот тутумунда иштеген.

Белгилей кетсек, Курмантай Абдиев 2015-жылы Конституциялык палатанын судьялыгына 7 жылдык мөөнөт менен шайлаган. Мыйзамга ылайык, судьялар үчүн жаш курагынын чеги – 70 жаш.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-konstituciyalyk-palatasynyn-sudyasy-kurmantaj-abdievdin-yjgarym-ukuktaryn-toktotuuga-makulduk-berdi



Добавить комментарий