Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын судьясын шайлады

18 декабря 2019 10:13 934 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеш Кырккелди Кыдырбаевди Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайлады. Президенттик аппарат тарабынан сунушталган талапкер Кыдырбаевге 55 депутат колдоп добуш берди, экөө каршы чыкты.

Бош турган судьялык ордуна талапкерди шайлоону Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында каралды.

Бул маселени Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана жогорку кеңештин регламенти боюнча комитети карап, ага макулдук берген.

Кырккелди Кыдырбаев буга чейин Президенттик аппараттын кечирим берүү комиссиясынын жооптуу катчысы болуп эмкектенип келген.


Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-konstituciyalyk-palatanyn-sudyasyn-shajlady



Добавить комментарий