Жогорку Кеңеш: Депутаттардын эмгек өргүүсүнүн акчасы 200-300 миң сом эмес

1 июля 2021 17:48 794 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы экс-депутат Исхак Масалиевдин “депутаттар эмгек эс алуусуна 200-300 миң сом алат” деген билдирүүсүнө комментарий берди. 

Аталган комментарийге таянсак, бул так эмес маалымат.

“Депутаттар кечээ гана сессиялык жылды аякташты жана эч ким эмгек өргүүсүнө чыккан жок, албетте эч кандай акча которуу болгон жок”,-деп айтылат кабарламда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары болжолдуу түрдө 7-июлда кезексиз жыйынга чогула турганы айтылган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-deputattardyn-emgek-rgsnn-akchasy-200-300-mi-som-emes



Добавить комментарий