Жогорку Кеңеш быйыл 80 жылдыгын шан-шөөкөтсүз белгилейт

5 октября 2018 10:25 926 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеш быйыл 80 жылдык мааракесин белгилейт. Вице-спикер Мирлан Бакировдун айтымында, учурда тиешелүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө токтом долбоору каралууда.

Ага ылайык, майрамдык шан-шөөкөттөр болбойт, болгону илимий конференциялар өткөрүлүп, буга чейинки чакырылыштарда эмгеги сиңген көрүнүктүү депутаттар белгиленет.

Ал эми депутаттар тарабынан парламенттин калыптанышына эмгеги сиңгендердин катарында Дооронбек Садырбаев, Өмүрбек Текебаевдей адамдардын эмгегин белгилеп коюу керектиги айтылды.   

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-byjyl-80-zhyldygyn-shan-shktsz-belgilejt



Добавить комментарий