Жогорку Кеңеш Абылгазиев өкмөт мүчөлүгүнө сунуштаган талапкерлерди колдоду

19 сентября 2018 16:30 1044 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеш Премьер-министр тарабынан өкмөт мүчөлүгүнө сунушталган 3 талапкерди колдоду. Бүгүн, 19-сентябрда парламентте Премьер-министр тарабынан КР Ɵкмѳтүнүн Аппарат жетекчиси – министри, Юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызмат орундарына сунуш кылынган талапкерлер каралды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал сунуш кылынып жаткан талапкерлердин баары жогорку билимге ээ, тийиштүү иш тажрыйбалары бар экенин билдирди.

Ошентип, талкуу жыйынтыгында Ɵкмѳттүн аппарат жетекчиси – министрлигине Шамилбек Асымбековдун талапкерлигине 106 депутат "макул" деп добуш берди.
Ал эми юстиция министрлигине Марат Жаманкуловдун талапкерлигин колдоп 106 депутат "макул" деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинини тѳрагалыгына Эмил Осмомбетовдун талапкерлигине 108 депутат "макул" деп добуш берсе, 3 депутат "каршы" добуш берди. 

Белгилей кетсек, буга чейин Шамилбек Асымбеков Ɵкмѳттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Марат Жаманкулов Өкмөттүн юридика бөлүмүнүн башчысы, Эмил Осмонбетов «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп турган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keesh-abylgaziev-kmt-mchlgn-sunushtagan-talapkerlerdi-koldodu



Добавить комментарий