Жоголуп кеткен 18 жаштагы кызды Чоң Чүй каналынын жээгинен табышты
Поделиться в:
Бишкекте 13-мартта Чоң Чүй каналынын жээгиндеги бадалдардын арасынан 18 жаштагы кызды таап алышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
12-мартта куткаруучуларга Биринчи май районунда жоголуп кеткен кызды издеп жатышкан милиция кызматкерлери кайрылышкан. Кыздын качан жоголуп кеткени тактала элек.
Куткаруучулар бадалдын арасындагы кызды алып чыгышты жана Тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришти. Учурда анын абалы жакшы.
Ссылка: https://barometr.kg/zhogolup-ketken-18-zhashtagy-kyzdy-cho-chj-kanalynyn-zheeginen-tabyshty
Добавить комментарий ×