Шамшы жайлоосунда жоголгон койчулар тоо ашып эч кимдин жардамы жок эле келген

16 сентября 2019 09:35 2555 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

«Тоону ашып, карды кечип, бир туугандарыбыз аман-эсен келишти»,- деди изделип жаткан чабандардын бир тууганы.

Алардын айтымында, малчылар ѳзүлѳрү тоо ашып эч кимдин жардамы жок эле келген. Арасындагы ѳспүрүм бала дагы аман-эсен экенин тастыкташты.

Чүй облусундагы Шамшы жайлоосунда 9-сентябрда жааган калың кардан кийин дайыны чыкпай жаткан тогуз чабан изделип жаткан. ӨКМдин кызматкерлерди  жоголгон жарандарды издѳѳгѳ чыкканын басма сѳз кызматы жарыялаган.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogolgon-kojchular-tabyldy



Добавить комментарий