ЖМК: Украинанын экс-президенти Петр Порошенко сурак алдында өлкөдөн качып кетти
Украинанын экс-президенти Петр Порошенко 13-мартта Мамлекеттик иликтөө бюросуна суракка келиши керек. Бирок анын адвокаты Порошенко Украинадан чыгып кеткенин, учурда чет жакта болгондуктан суракка келе албай турганын билдирди. Бул тууралуу Украинанын басылмалары жазып чыкты.
Порошенко кайсы иштер боюнча сурак бериши керектиги тактала элек. Айрым маалыматтар боюнча тергөөчү экс-президентти камакка алууну талап кылмак.
7-мартта Петр Порошенкого козголгон кылмыш иштеринин бири кыскарганы айтылган. Эске салсак, Украинанын мурдагы президентине карата 10дон ашык кылмыш иши козголгон. Ага кылмыштуу жол менен табылган акчаларды мыйзамдаштыруу, сот бийлигин узурпациялоо аракети, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, өкмөттү мыйзамсыз дайындоо сыяктуу айыптар коюлган.
Ал эми 2019-жылы 10-декабрда Украинанын Мамлекеттик изилдөө бюросу Порошенкого Минкс келишимине кол коюп жатканда мамлекеттин кызыкчылыгын саткан деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон. Порошенко коюлган айыптарды чогултуп келгенде 15 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/zhmk-ukrainanyn-eks-prezidenti-petr-poroshenko-surak-aldynda-lkdn-kachyp-ketti
Добавить комментарий ×