ЖМК: Петербургда төрт кыргызстандык курал колдонуп аялдын 230 миң рублин тартып алган

6 февраля 2020 12:03 780 Barometr
Поделиться в:
ok

Санкт-Петербургда төрт кыргызстандык курал колдонуп 29 жаштагы аялдын акча салынган сумкасын тартып алган. Бул тууралуу “Комсомольская правда” басылмасы жазды.

Жабырлануучунун айтымында, ал Бела Кун атындагы көчөдөгү дүкөндөрдүн бирине 1300 рубль болгон азем буюмду сатып алуу үчүн келген. Дал ушул маалда ага бейтааныш кишилер кол салган.

“Кол салуу учуру видео камерага тартылып калып, ал социалдык тармакка тарап кеткен. Шектүүлөрдүн бири тапанчадан ок чыгарып, аялдын колундагы сумкасын тартып алууга аракет кылган. Аял качып кеткендин ордуна ниети каралар менен алышып, сумкасын бербегенге тырышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Тоноочулар аялды травматикалык тапанча менен бутка аткан, бирок ага карабай ал сумкасын колунан чыгарган эмес. Алардын бирөө качан гана ага тапанчаны такаганда сумканы берген.

Шаардык милициянын маалыматы боюнча укук коргоо органдарына 29 жаштагы аялдан арыз түшүп, белгисиз бирөөлөр ага кол салып, сумкасын, уюлдук телефонун жана документтерин тартып алганын айткан. Аялдын айтымында, сумкада 230 миң рубль болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 24 жаштан 34 жашка чейинки төрт киши кармалган. Алардын бары Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Милициянын маалыматы боюнча кармалгандар эч бир жерде иштебейт. Алардын экөө каттоого турбагандыктан Россияда мыйзамсыз жүргөн.

Жабыркаган аял сумкада акчанын бары өзү иштеген компанияныкы болгонун айткан.

Эми кол салган шектүүлөр 12 жылга чейин кесилиши ыктымал.

Ссылка: https://barometr.kg/zhmk-peterburgda-trt-kyrgyzstandyk-kural-koldonup-ayaldyn-230-mi-rublin-tartyp-algan



Добавить комментарий