Эми жөлөк пул алууда жашаган жерден маалымкат талап кылынбайт
Эми жөлөк пул алууда жашаган жерден маалымкат талап кылынбайт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрине шилтеме берип "Брометр" билдирет.
“Мурда мамлекеттик жөлөк пулдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалса, эми муктаж жарандар кайсыл жерге кайрылса ошол жерден жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк алат. Жарандын жашаган жери боюнча маалымкат талап кылынбайт”, - деп билдирди аталган министликтин башчысы Улукбек Кочкоров.
Анын айтымында, ата-энесинин экөө тең белгисиз болгон балдарга ай сайын 2000 сом өлчөмүндө жөлөкул бериле баштайт. Бул балдарга банктан жеке эсеп ачылат, ал жерге мамлекет тарабынан берилген акча каражаты топтолот. 18 жашка чыккандан кийин ата энесинин экөө тең белгисиз болгон бала жеке эсебиндеги топтолгон акча каражатын колдоно алат.
Ссылка: https://barometr.kg/zhlk-pul-aluuga-zhashagan-zherden-maalymkattyn-keregi-zhok
Добавить комментарий ×