ЖКнын комитети Кыргызстандын Казакстандагы элчисине Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин колдоду
Поделиться в:
Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жээнбек Кулубаевди Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындоого макулдугун берди.
Жээнбек Кулубаев 1963-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Адегенде Москва аскер институтун, андан кийин Кытай Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун бүтүргөн. 1992-жылдан бери дипломатиялык кызматтарды аркалап келет. Кыргыз, орус, англис, кытай тилдеринде эркин сүйлөйт.
Добавить комментарий ×