ЖККУ Тышкы иштер министрлери өз ара кызматташуунун маанилүү маселелерин талкуулашты
Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынын 80 жылдыгына байланыштуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү кабыл алды.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат депатаменти кабарлады. ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Жумушчу жолугушуусу АКШнын Нью-Йорк шаарында кечээ Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун төрагалыгы астында өттү. Жолугушууда учурдагы актуалдуу маселелер, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин делегацияларынын практикалык кызматташуусу боюнча пикир алмашуулар болду.
Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынын 80 жылдыгына байланыштуу ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин биргелешкен Билдирүүсү кабыл алынды.
Ошондой эле ушул жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө маселе талкуунун предмети болду. Анда кийинки сессия аралык мезгилге Уюмдагы төрагалык Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өтөт.
Добавить комментарий ×