ЖККУ: Кыргызстандын төрагалыгы ийгиликтүү жана жемиштүү болду. Приоритеттер, пландар толук ишке ашырылды
Бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Мындай бааны уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары жыйындын соңунда айтышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Уюмга мүчө мамлекеттеринин башчылары ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүү боюнча актуалдуу маселелердин кеңири спектрин чакан жана кеңири курамда талкуулашты.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары боюнча Уюмдун алкагында мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган 15 документке кол коюлду.
ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстандан Орусия Федерациясына өткөнүн президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү сессияны жыйынтыктап жатып билдирди.
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Орусия лидери Владимир Путинди ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинде төрагалыкты кабыл алуусу менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Муну менен кошо Жээнбеков Орусиянын төрагалыгы 1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө менен шайкеш келип калгандыгынын символикалуу болгонун баса белгиледи.
ЖККУнун Бишкек Саммитине президент Сооронбай Жээнбеков, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучусу Валерий Семериков катышышты.
Төрагалык ийгиликтүү жана жемиштүү болгону, белгиленген приоритеттер жана пландар толук көлөмдө ишке ашырылганы айтылган.
ЖККУнун Саммитинин алкагында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ЖККУга мүчө мамлекет башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Добавить комментарий ×