ЖККУ: "Ала-Арча" резиденцияда президенттердин тар курамдагы сессиясы башталды
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдөгү сессиясы башталды.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Уюмдун ишине катышуучу бардык президенттер “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына келишти. Аларды Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, расмий сүрөткө түшүү жөрөлгөсү болду. Адан соң, делегация башчылары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы сессиясына кирип кетишти.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армения премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/zhkku-ala-archa-rezidenciyada-prezidentterdin-tar-kuramdagy-sessiyasy-bashtaldy
Добавить комментарий ×