Жардам бериңиздер “Кыргызкөмүр” ишканасын басып алуу аракети жүрүп жатат
“Кыргызкөмүр” мамалекеттик ишканасынын Бишкектеги кеңсесин бир топ адамдар басып алуу аракетин көрүп жатат. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова соцтармакка жарыялады.
Ал элдик кошуундардан жана Бишкек шаарынын комендантынын милдетин аткаруучусу Курсан Асановдон жардам сурап кайрылды.
“Өкмөт, эл, президенттин аппараты, “Кыргызкөмүргө” жардам керек! Биз жалгыз калыдык. Кайдасыздар? Курсан Асанов бизге жардам бериңиз. Бир топ адамдар “Кыргызкөмүр” ишканасын басып алабыз деп турушат. Элдик кошуун жардам керек. Журналисттер, сиздер да кошулуңуздар. Эшиктин алдына журналисттер чогулуп атат”, -деди ал.
“Эшикте басып алууну көздөп турган адамдар чогулуп жатышат. Анан күтүп жаткан адамдары келгенден кийин басып алышат экен. Темир жол тарапта жана биздин ишкананын айланасында жаш балдар көп жүрөт. Бизге жардам керек. Биз кыйын абалга кептелип калдык”, -деп кошумчалады ал.
Добавить комментарий ×