Жийде Зоотбекова: Кара-Кечедеги өрт учурунда маанилүү документтерди алып чыгып кеткенге үлгүрүшкөн
Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр ишканасынан өрт чыкты. Жабыркагандар жана жаракат алгандар болгон жок. Бул тууралуу Кара-Кече көмүр ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекованын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, өрт кырсыгы бүгүн, 25-январда эртең менен болгон. Өрттүн кесепетинен Кара-Кече көмүр ишканасында контейнер күйүп кеткен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына кыска туташуу себеп болгон. Жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.
«Кара-Кечеде жумуш кадимкидей жүрүп жатат. Учурда комиссия түзүлүп жатат. Келтирилген зыяндын көлөмү текшерилгенден кийин такталат. Азыр иш экинчи салмак дивизионунда жүрүп жатат. Өрттөнүп кеткен салмакты көзөмөлдөөчү бөлмөнү 2-3 күндө калыбына келтиребиз ”, - деп айтылат билдирүүдө.
Ошону менен катары эле, керектүү, маанилүү документтерди алып чыгып кеткенге үлгүрүшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/zhijde-zootbekova-kara-keche-kmr-kenindegi-rttn-maanil-dokumentter-kjgn-zhok
Добавить комментарий ×