Жигитиң сага татыктуубу?

28 мая 2019 09:00 2829 Barometr
Поделиться в:
ok

Жигитиңдин бардык эле мүнөзү белгилүүбү?

Кийинки мезгилдерде  айымдардын негизги суроолорунун бири кантип күйөөгө тийиш керек,

кантип төрөп алам,  өзүм бирөөнүн сүйүктүүсү боломбу деген сыяктуу темалар болуп

калгандыгы баарыбызга белгилүү . Өзүңдүн жаныңда эркектин болушу, өзүңө болгон ишеничти дагы да болсо күчөтөт. Көптөн берики курбаңа кезигип калсаң деле, кандайсың, өздүк жашооң кандай, турмушка чыктыңбы деген суроолор биринчилерден болуп берилет.  Аларды ойлосоң, кайра ажырашканы канча?. Анда эмне үчүн ажырашышат, ажырашуулар эмнеги көп?- деген суроо пайда болот. Жообу өзүнөн өзү эле келип чыгат: бири бирин жакшы билишчү эмес. Айымдар эптеп эле күйөөгө тийбей каламбы-деп, биринчи эле жолукканга баш кошкону жок эмес. Ушул сыяктуу шарттарда  күйөөгө тийген кыздардын баары эле туура эмес тандалган күйөөгө чыдай бербейт. Айрымдары жөн гана туруктуу интимдик катнашка гана карап күйөөгө тийишет, ал учурда бир нече мезгилден кийин бул кумарлануулардын баары өчүп, бири бирин эч бир мамиле кармап турбастыгы тууралуу ойуна да келбейт.

Жигитиңдин белгилерин байкап калдыңбы? Анда аны менен турмуш курандын алдында миң жолу ойлон: 

1.Сүйлөшүп жатканда, сөз талашканын байкап калсан,- бул анын бирөөнүн ойун сыйлабастыгы, кандай тарбияда өскөндүгү;

2.Компьютерден башы чыкпайбы? – кийин мунусу калат десен, кийин көрө жатасын бөлмөгө ким кирип чыгып жатаканын байкабай да калат;

3.Дон-Жуандык мүнөздөбү? Ар бир  юбканы карай берип, мойну кайрылса, ал сенин азабың.

4.Наалыган немеби?  Ардайым нааразы болуп жүрүп, наалып жеп бүтөт;

5.Сөзүнө турбайбы? Сени  жөн гана буюм катары колдонот;

6.Өзүнүн ата-энесин, досторун, туугандары жамандай береби? Эртең алардын катарына сиз кошулуп калсаңыз, таң калбай эле койуңуз;

7.Сиздин огородуңузга таш ыргытканын байкадыңызбы?,- буга жол жок.

8.Чектен ашкан кызганчаак, дайыма көзөмөлдү жактырабы? Бул жерден сиз тиранда болсуз, өзүнө ишенбестиктин белгисиндей.

9.Айымдын дарегине орой мамилелерин, критикаларын байкадыңызбы?, эң жаман сапаттардын бири;

10. Жигиттин турмушта конкретүү  максаттары жокпу?  Ал никелешүүгө да даяр эмес.

11.Экөөңөрдүн чогу бир кызыкчылыгыңар байкалбайбы? Жолунар эки бөлөк.

12.Белек бергенди билбейби?  Кишинин көнүлүн алганды билбегендерди комментарийсиз эле түшунсө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/zhigiti-saga-tatyktuubu



Добавить комментарий