Жетим-Тоо тууралуу кармалган блогер: Апа мен сизди ойлоп көп нерсени айтпай жүргөм

15 августа 2022 11:00 1081 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармакта блогер Ырыс Жекшеналиевдин ИИМдин убактылуу кармоочу жайынан апасына жазган каты жарыяланды. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Буга чейин, блогер Жекшеналиев Жетим-Тоо кени тууралуу мурдагы УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин айткандарын соцтармакка жарыялагандан кийин суракка чакырылганы кабарланган. 

Ага чейин, президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо тууралуу элге кайрылуу жасап, кен азыр жөн гана изилденип жатканын, жакында иштетилбей турганын билдирген. Ошону менен катары эле, президент элди адаштырып, жалган маалымат таркаткандар катуу жазага тартыларын айткан. 

Президенттин элге кайрылуусунан көп өтпөй эле кармалган блогер Ырыс Жекшеналиевдин кайрылуусу.

"Урматтуу мени колдоп , мага сарсанаа тартып жаткан мекендештерим! Сиздердин колдооңуздарды сезип, дух алып турам! Мага козголгон кылмыш иши 100% саясий негизде! Мен сынбайм! Мен чыгам!

Мама, мен көп нерсени сизди ойлоп унчукпай жүрдүм. Өзүңүздү жакшы караңыз, баары жакшы болот. Анткени, эне балага чоң таасир этет. Мама! Мен сени жакшы көрөм!

Мен болгону 19 жаштамын", -деп жазган ал.

Ссылка: https://barometr.kg/zhetim-too-tuuraluu-karmalgan-19-zhashtagy-bloger-apa-men-sizdi-ojlop-kp-nerseni-ajtpaj-zhrgm



Добавить комментарий