Жерүйгѳ жергиликтүү тургундардан тандалган кызматкерлер Казакстандан тажрыйба алышты
Поделиться в:
“Альянс Алтын” ишканасына жаңы кабыл алынган кызматкерлер Казакстанга барып тажрыйба алып келишти. Сентябрь айында Казакстандын Акмола облусундагы Ак-Суу, Бес-Тубе, Жолымбет кен иштетүүчү иш каналарда тажрыйба алып келишти. Жалпысынан 51 Талас олбусунун жергиликтүү тургундарынан тандалган кызматкер тажрыйбалык окуудан ѳттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы кабарлады.
ТОО «KAZЭРГО» өндүрүш коопсуздугу боюнча 3 күн теоретикалык окутууну өткөрүп, жыйынтыгында практикалык окутууга жана өндүрүштө иштөөгө уруксат алуу үчүн жазуу экзаменин тапшырышты. Окутуунун жыйынтыгында кызматкерлер экзамен тапшырып, төмөнкүдөй разрадга ээ болушту:
- 3-разряд-3 киши;
- 2-разряд-9 киши;
- 1-разряд-37 киши.
Добавить комментарий ×