Жерүйдүн биринчи алтындары декабрь айынын башында алынаары күтүлүүдө

28 мая 2019 17:47 8118 Barometr
Поделиться в:
ok

2015-жылдан баштап Талас облусундагы Жерүй кени бир дагы күнгө жумушун токтотпогондугун «Альянс Алтын» ЖЧКсынын басма-сөз катчысы Касиет Карачолокова «Марал ФМ» радиоберүүсү аркылуу билдирди.  

«Азыркы тапта алтын иштетүүчү ишкана менен калдыктарды сактоочу жайдын курулушу активдүү жүрүп жатат. Ушул жылдын август айынан тарта руда казуу иштери башталат. Фабриканын иштеши үчүн 100 миң тоннанын тегерегиндеги руда керектелет. Жер-Үйдүн биринчи алтындары декабрь айынын башында алынаары күтүлүүдө», - дейт Карачолокова.

«2016-жылдан тартып  «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан Жер-Үйгө салынган капиталдык салымдардын көлөмү 105 млн. доллар. Ошондой эле компания мамлекеттик казынага 500 млн. сомдон ашык салык төлөдү. Мындан тышкары, социалдык милдеттенмелерге ылайык, «Бакубат Талас» фондуна ар жыл сайын 100 млн. сом бөлүндү, ал эми 2019-жылы 150 млн. сом бөлүндү. Компания тарабынан дагы 4 млн. сом жалпы бюджети 5,5 млн.долларды түзгөн калыбына келтирүү фондуна төлөндү. Азыр кенде 500дүн тегерегиндеги жумушчулар иштеп жатат, алардын ичинде подрядчиктер дагы бар. Компания кызматкерлерди жергиликтүү калктын арасынан сынак аркылуу кабыл алат жана аларды окутат», - дейт ал. 

Тоо-кен тармактары боюнча эксперт Кубан Аширкуловдун белгилөөсүндө «Альянс Алтын» компаниясынын экологиялык нормаларды сактоо боюнча иши  башка компаниялар үчүн үлгү боло алат. Эксперттин айтуусунда мындай иштер өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон жергиликтүү калктын тыкыр коомдук көзөмөлүнүн аркасында болуп жатат.

Талас районунун Бекмолдоев айыл өкмөтүнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы Садырбек Оторбаев өз кезегинде Жер-Үй кенин иштетүү үчүн «Альянс Алтын» компаниясы узак убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң  «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын жерин 216 млн.сомго сатып алгандыгын «Марал» радиосунун угармандарына билдирди. Ал Жер-Үйдөгү кен казуу иштеринин кечеңдешин так ушул жерди сатып алуу процедураларынын созулушу менен байланыштырды. Оторбаевдин белгилөөсүндө жергиликтүү калк «Альянс Алтын» компаниясын толугу менен колдойт. Ал төгүлгөн калдыктарды жарым кургак сактаган заманбап жана жогорку экологиялык технологияны өзгөчө белгилеп: - Калдыктардын үстүнөн адамдар басып жүрсө да болот!»,- деди, тагыраагы, калдыктарда зыяндуу буулануулар жана агындалар жок экендигин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/zherjdn-birinchi-altyndary-dekabr-ajynyn-bashynda-alynaary-ktld



Добавить комментарий