Жерүйгө каршы чагымчыл аракеттердин артында кимдер турат

25 мая 2020 19:57 4699 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда айрым кишилер маал-маалы менен Жерүй долбооруна каршы чагымчыл чакырыктарды таратып турат. Айрым учурда алар чектен чыгып, Талас облусундагы абалды дестаблизациялоого чейин жетип жатат.

Ага карабастан укук коргоо органдары эч кандай аракеттерди көргөн жок.

“Барометр” агенттиги социалдык тармактардагы материалдарга баам салды. Редакциянын кызматкерлери алар менен талкууга чейин барып, алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн дестаблизация кылгысы келген айрым саясатчылардын кызыкчылыгын көздөп жатканын билди.

Журналисттердин мындай чакырыктардын арты эмне менен бүтөрүн билесиңерби деген суроолоруна жооп бере алган жок.

Кыргызстанда айрым саясатчылар инвесторлорду шантаж кылган учурлар кездешет. Алар дал ушундай “активистмин” дегендердин кызматынан пайдаланат. Алар элдин атынан сүйлөп, компанияны кубалап чыкканга же лицензиясын тартып алганга чакырышат.

Укук коргоо органдары мындай шантаждарга чара көрүшү керек. Себеби алар мамлекет инвестицияны коргоонун гаранты.

Бир ууч топ өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн “Жерүйдү” кантип шантаж кылып жатат

Ал ортодо Жерүй кенин иштеткен “Альянс Алтын” чынчыл инвестор катары лицензиялык келишимдеги бардык милдеттерин аткарууда.

Ал лицензиясын алгандан кийин Кыргызстандын бюджетине бонус катары 100 миллион доллар төлөгөн. Андан сырткары буга чейин Жерүй кенинин айланасында болгон бардык сот иштерин өзүнө алган.

Эксперт Азамат Акенеевдин “Барометрге” билдиришинче, компания лицензияны алгандан кийин кенде иштерди баштоо үчүн 300 миллион доллар керек болчу. Анын ичине кайра иштетүүчү комплекс менен инфраструктура дагы кирет.

“Бул убакытка чейин инвестор өзүнүн акчасын коротуп жатканда саясатчылар буга көңүл бурбай, эл деле тынч болчу. Долбоор ишке ашарын билип, фабрика иштей баштайт дегенде абалды курчутуп башташты”, — деди ал.

Эксперт бул жерде айрым топтордун жеке кызыкчылык болуп жатканын да жашырган жок.

“Бул элементардык шантаж,  Жерүйгө лицензияны сатабыз деп жатканды эмнеге эч ким унчуккан жок”, — дейт ал.

Акенеев инвестициялык климат жагынан алганда Жерүй Кумтөрдөн дагы маанилүү экенин айтат. “Кумтөр” долбоору 1993-жылы башталып, өкмөттүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тажрыйбасы болгон эмес. Андыктан өз кызыкчылыгын эске алган эмес. Андан сырткары компания КР мыйзамдарына баш ийчү эмес.

“Жерүй көлөмү боюнча чакан, бирок аны иштетип жаткан компания биздин мыйзамдарга баш ийет. Бул жерде “Кумтөр” долбоору менен салыштырганда чоң айырма бар”, – дейт ал.

Эксперт азыр бардык инвесторлор “Жерүй” кантип иштеп жатканына көз сала турганын айтат.

“Алар тыкыр көз салып, маселе жаралбайбы деп карашат. Эгер маселе болсо алар Кыргызстанда мыйзам иштебейт деп калышат. Компания менен көйгөй жаралса, ал өз кезегинде башка инвесторлорго сигнал болуп, Кыргызстанда мыйзамдар иштебей, коопсуздукка кепилдик жок деп калышат”, — дейт Акенеев.

Ал андан сырткары митингге чыккан кишилер “Жерүйдө” эмнеге Кыргызстандын үлүшү жок деген теманы көтөрөрүн айтып, ага мындайча жооп берди.

“Албетте, кенди жөн эле берип койгонго болбойт, бирок Жерүй менен маселе башкача. Бул кен бизге таандык эмес болчу. Буга чейинки коррупциялашкан өкмөт ушундайга жол берген. Инвесторлор соттошууга чейин барышкан. Эгер өкмөт буга чейин маселени чечип Жерүй таза болгондо компания бонус төлөмөк эмес, ошондо Кыргызстандын үлүшүн талап кылсак болмок. Кенди иштетем деген компания башка талаптарды койбостон Кыргызстандын эрежелери менен “ойногонго макул болду”. Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеген ЖЧК түздү”, —деди ал.

Компания такай болгон чагымчыл аракеттерге карабастан салган инвестициясын тобокелге салып өз ишин кантип аткарып жатат

“Жерүй кенин иштетүү боюнча макулдашуу инвесторлор үчүн жакшы белги болду. Биз дайыма экономиканы өнүктүрүү үчүн өлкөгө инвестиция менен акча керек деп такай айтабыз. Бирок инвесторлорго өтө жаман мамиле кылып аларды коркутуп алып жатабыз”, — деген пикирин Наталья Крек “Барометрге” билдирди.

Ал Жерүй кенинин айланасында болуп жаткан окуяларды караган инвесторлор ушундай жерге инвестиция салыш керекпи, же жокпу деп ойлонорун кошумчалады. Бул жерде маселе бир канча кишинин, саясатчылардын жана коомдук ишмерлерде. Алар экономикалык саясатка анын ичинде Жерүйдүн иштешине дагы таасир тийгизип жатат.

“Чындыгында бул кенди иштетүүгө канча аракеттер болду, дайыма маселе жаралчу. Бир туруп экология, андан кийин жумуш орундары жана башка. Мунун бардыгы бир ууч кишилердин айынан болуп жатат. Алар жаман кырдаал түзүп, өзүнө упай алып, өзүнүн камые ойлоп жатышат маселенин бары ушунда”, — деди ал.

Эксперт андан сырткары, мындай учурда жергиликтүү бийлик эл менен так иш алып барып, Жерүй кенин иштетүү боюнча келишим Кыргызстанга канчалык пайдалуу болгонун элге түшүндүрүү керектигин белгилейт. Элге кайсы жагдайлар пайдалуу болгонун түшүндүрүү керектигин кошумчалады.

Жерүй Кыргызстандагы экинчи ири кен, андыктан аны иштеткендерден Кыргызстанга көп пайда тийет. Жумуш орундары, салык, жергиликтүү элди колдоо жана даяр продукцияны сатуудан түшкөн киреше.

“Мындай туруксуз абалды жаратып жаткандар муну жакшы түшүнүп турат. Бул жерде дагы бир фактор бар. Кыргызстанда шайлоо алдындагы оюндар башталды. Андыктан Жерүй айрым саясий күчтөр менен кишилер тарабынан шайлоо алдында упай алыш үчүн көтөрүлө берет. Бирок, Жерүй бизге аябай керек. Ал өлкөнүн экономикасына таасир бере алчу долбоорлордун бири”, — деди ал.

Жерүй кени 30-35 жылга чейин иштетилет. Бул убакыт аралыгында компания бюджетке салык иретинде 535 миллион доллар төлөйт. Буга эмгекчилердин айлыгы жана башка төлөмдөр кошулган жок. Жерүй кенин иштетүүгө салынган инвестициянын жалрпы көлөмү 600 миллион долларды түзүп, Кыргызстандын тарыхындагы эң ири долбоорлордун катарына кирет.

Ишкана толук иштей баштаганда 1,5 миң киши кенде иштеп, орточо 500 доллар айлык алат. Жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүү тургундар болот.

Компания фабриканы толук ишке берип, 1 млн 300 миң тонна кенди иштете алуу кудуретине ээ болот. Андыктан жылына 4-5 тонна алтын алынат.

Коммпания Жерүй кенинен биринчи доре куймасына алгандан кийин алтындын аффинажын Кыргызстанда жасоого ниеттенип жатат.

Фабриканы казакстандын AAEngeneering Group компаниясы салып жатат. Жерүйдөгү бардык иштер Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Ошондой эле экология, техникалык коопсуздукту сактоо боюнча дүйнөлүк стандарттар сакталат.

Компания коронавирус пандемиясы учурунда кандай жардам көрсөттү

Жерүй кенин иштеткен компаниянын акционерлери коронавирус менен күрөшүүдө Талас облусуна эбегейсиз жардам бергенин эске салуу кажет.

“Алтын-Альянстын” акционерлери коронавирус илдети менен күрөшүүгө 16 млн сом бөлгөн. Бөлүнгөн каражатка керектүү медициналык жабдыктар алынып, медициналык кызматкерлерге коргоочу костюмдар жана башкалар берилген. Талас облустук ооруканасында ИВЛ аппараты берилген.

Андан сырткары Талас облусундагы 277 үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун жана күрүч таркатылган. Азык-түлүктөр калктын аялуу катмарына берилген. Аны менен катар дезинфекциялоо иштери үчүн 3,5 тонна хлорка сатып алынган. Бүгүнкү күнү Талас облусунда коронавирус илдети жуккан бир дагы учур катталган жок. Бул дагы компаниянын оору менен күрөшүүгө кошкон салымы.

Ссылка: https://barometr.kg/zherjdn-artyndagy-chagymchyl-araketterde-kimder-turat



Добавить комментарий