"Жерүйдөгү" алтын иштетүүчү фабрика Жапаров менен Путиндин катышуусунда ачылды
Кече, 17-мартта, Талас облусундагы “Жерүй” алтын кенинде алтынды иштетүүчү фабриканын ачылышы болду.
Ишкананын ишке кириши салтанаттуу иш-чара менен коштолду. Салтанаттуу иш-чара мамлекет башчы Садыр Жапаровдун ошондой эле, Россиянын президенти Владимир Путиндин телекөпүрө форматында онлайн катышуусунда болду. Ошентип, “Жерүй” алтын кениндеги алтын иштетүүчү фабрикасын расмий түрдө ишке киргизүүгө уруксат берилди.
"Русская платина" компаниясынын башчысы Муса Бажаев жылына 1,3 миллион тонна руда өндүрө турган кубаттуулуктагы алтынды өндүрүүчү фабриканы ишке киргизди.
“Жерүй” алтын кенин иштетүүчү "Альянс Алтын" иш канасы "Русская платина" компаниясынын туунду компаниясы болуп саналат.
Расмий салтанатта сөз сүйлөгөн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Путинге заводдун ачылышына жеке катышкандыгы үчүн, ошондой эле, Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы үчүн россиялык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
"Ишкананын ишке кириши Россия менен Кыргызстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү боло алат.
Инвесторлорго да кыргыз экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Долбоорго миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жарандары тартылары өтө кубанычтуу. “Жерүй” тоо-кен тармагындагы эң ири активдүү инвестициялык долбоор.
“Жерүй” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстандын инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө түрткү берет. Бул ачылышка жеке катышуусу үчүн Владимир Путинге, ошондой эле ишенимдүү кадам жана бекем чечкиндүүлүк менен “Жерүй” долбоорун ишке ашыра алган "Русская платина" компаниясынын башчысы Муса Бажаевге терең ыраазычылыгымды билдирем", - деди Жапаров.
Садыр Жапаров компанияны эки маанилүү жагдайга көңүл бурууга - жергиликтүү калк менен тыгыз диалог жүргүзүүгө, ошондой эле “Жерүй” кенин иштетүүдө аймакта экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга үндөдү.
Россиянын президенти Владимир Путин өз кезегинде орусиялык инвесторлордун колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
“Бул долбоор Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын рекорддук көрсөткүчү. Анын көлөмү 600 миллион долларды түзөт. Талас облусундагы бул тоо-кен ишканасында эң жакшы техникалар жана шаймандар колдонулат. Экологиялык нормалар сакталат. Мен Кыргыз бийлигине жана жеке Садыр Жапаровго жагымдуу инвестициялык климат түзүп жатканына ыраазычылык билдирем. Жаңы ишкана кыргыз бийлигинин колдоосуна ээ болот, деп ишенем. Биргеликте ишке ашып жаткан бул долбоор кыргыз-орус алакасынын символу болуп, эки элдин достугун арттырат", - деди Путин.
"Русская платина" компаниясынын башчысы Муса Бажаев эки өлкөнүн президенттерине долбоорду колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.
"Алтын комбинаты - бул таштандылардын коопсуздугунун мыкты технологияларын колдонуп, айлана-чөйрөгө нөлдүк таштоо менен өнүккөн жана экологиялык таза ишкана.
Фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 тонна алтынды түзөт, “Жерүй” долбооруна салынган инвестициянын көлөмү 400 миллион доллардан ашты, Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 1 миллиард доллардан ашык каражат түшөт. Социалдык долбоорлорду колдоо максатында “Бакубат Талас” фондун түздүк, ал фонд мектептерди, жолдорду, ооруканаларды курууга жана жакырларга материалдык колдоо көрсөтүүгө жумшалат. Ал эми, бүгүн “Жерүйдө” иштеген миңдеген адамдардын атынан долбоорду ишке ашыргандыгы үчүн Кыргызстан менен Россиянын президенттерине терең ыраазычылыгымды билдиргим келет», - деди "Русская платина" компаниясынын башчысы.
Муса Бажаев ошондой эле, Россиянын ВТБ банкынын жетекчилигине долбоорду каржылагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Банк ВТБ “Жерүй” долбоорунун каржылоодогу стратегиялык өнөктөшү. Банктын башчысы Андрей Костинге ыраазычылык билдирем.
Долбоорду каржылоо үчүн сиз бизге 190 миллион доллар бөлүп бердиңиз, ушунун аркасында биз бүгүн долбоорду баштайбыз”, - деди Муса Бажаев.
ВТБнын башкы директору Андрей Костин Таластагы алтын руда комбинатынын ишке кириши банктын Кыргызстандагы ири долбоорлордогу дебюту экендигин белгиледи.
"Таластагы комбинат Кыргызстандагы тоо-кен тармагын жаңы деңгээлге чыгарат", - деди ал.
Белгилей кетүүчү нерсе, 2020-жылдын октябрь айындагы коогалаң учурунда, талап-тоноолор, жабдуулардын өрттөнгөнүнө жана нөөмөттүк лагерлердин имараттары зыянга учураганына карабастан "Альянс Алтын" ишканасы өндүрүш ишин кыска мөөнөттө калыбына келтирген.
Эске салсак, “Альянс Алтын” компаниясы алтын иштетип ала элек жатып эле, “Жерүйгө” лицензия алган алгачкы күндөрдөн баштап, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн алгылыктуу жумуштарды кылып келет. 2015-жылы лицензия үчүн өлкөнүн бюджетине 100 миллион доллар төккөн, мурунку лицензия ээлери менен болгон талаш-тартыш, келтирилген арыз, доолордун суммасы жана сот чыгымдары 580 миллион доллардан ашкан.
"Бакубат Талас" кайрымдуулук фондуна компания 600 миллион сом бөлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/zherjdg-altyn-ishtetch-fabrika-zhaparov-menen-putindin-katyshuusunda-achyldy
Добавить комментарий ×