Жерүйдө жылуулук берүүчү обьекти аягына чыкты
Жерүй алтын-кен ишканасынын алкагында курулуп жаткан обьектилердин бирөөсү жылуулук менен камсыздоочу обьект аягына чыкты. Бул тууралуу barometr.kg сайтына ишкананын маалымдоо кызматынан билдиришти.
Бүткөн обьект Пионер айылында жашаган алтын-кен ишканасынын жумушчуларын жылуулук менен камсыздайт. Курулуш-монтаждоо иштерин иш жүзүнө ашырууда Asia Water Build компаниясы бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык Кыргызстандын нормаларына жооп бергендей сапаттуу жана профессионалдуу деңгээлде аткарган. Ошондой эле компания «Альянс Алтын» Asia Water Build компаниясы менен мындан ары дагы иштешүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Курулуш-монтаждоо иштеринин алкагында жакынкы аймактагы айылдардын жашоочуларын да кызыктырды.
Курулуш комплексин толук бүтүрүүгө каралган долбоор 50 млн сомду түздү. Бардык жылуулук берүүчү системанын шаймандары, тетиктер атайын Россиядан алынып келинген. Ушул жылдын июль айынын ортолорунда мамлекеттик комиссия түзүлүп, обьектини эксплуатацияга берүү иштери каралат. 2018-2019 жылдын кыш айларында ысык суу жана жылуулук берүү иштери ушул обьекти аркылуу Пионер айылынын жашоочуларын толук камсыз кылуу алдында турат.
Ссылка: https://barometr.kg/zherjd-zhyluuluk-berch-obekti-ayagyna-chykty
Добавить комментарий ×