Жерүйдү иштетүүдө экология үчүн коопсуз технологиялар колдонулат

1 июля 2019 13:00 3367 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүйөгү алтын чайкоочу фабриканын курулушу 45 пайызга аяктады. Бул тууралуу журналисттерге "Альянс Алтын" кен иштетүүчү компаниясынын башкы директору Михаил Шубин билдирди. 

Алтын алуучу фабриканы 2019-жылдын декабрь айында ишке киргизүү күтүлүүдө.

Кенди казып алуу үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталмакчы. Кен иштетүүчү Жерүйдүн алгачкы алтынын ушул жылдын декабрь айында алууну пландап жатат.

Бүгүнкү күндө алтын алуучу фабриканын курулушу жалпы көлөмдүн 45 пайызынча аяктады. Компания фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүүгө ниеттенүүдө - 1 млн 300 миң тонна кенден жылына 4-5 тонна алтын алууга ниеттенүүдө.

Компания Жерүйдүн доре куймасы түрүндөгү алгачкы алтынын алгандан кийин КРда алтынды аффинаждоону пландап жатат, ошол эле маалда аффинаждалган баалуу металлды КРнын өкмөтү менен Улуттук банкынын сатып алуу укугуна артыкчылык берүүгө милдеттенмекчи.

Фабриканы Казакстандын ТОО ААЕngineering Group компаниясы куруп жатат, аны менен Жерүйдүн кен иштетүүчүсү-«Альянс-Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому 2018-жылы алтын алуучу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулушу үчүн ЕРС-контракт түзгөн.

“Биз аткарылган иштердин сапатына катуу көзөмөл жүргүзүп, ал тургай күнү-түнү видео байкоого алып жатабыз. Жерүй кениндеги баардык иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана дүйнөлүк стандарттарды бекем сактоо, анын ичинде экологиялык-техникалык коопсуздукту сактоо менен жүргүзүлүүдө”,-деп айтты Шубин журналисттерге.

Калдык сактоочу жайдын курулушуна келе турган болсок, Жерүй кениндеги жана бүткүл аймактагы өзгөчө жана мыкты экологиялык коопсуздукту камсыз кыла турган алдыңкы технологиялар колдонулууда.

Калдык сактоочу жай алтын алуучу фабрика жайгашкан Айлампа капчыгайынын аймагына курулууда.

Айлампа табигый барьер-тосмо боло турган обочолонгон аймак. Ал тургай 9 баллдык жер титирөө дагы калдык сактоочу жайга эч кандай коркунуч алып келбейт, анткени бул кургак коопсуз породанын склады болуп саналат.

“Биз жабдуулар менен материлдардан эч кандай үнөмдөбөйбүз, биз үчүн кымбат болсо мейли эң сапаттуусун пайдалануу маанилүү. Бизге арзан сатып алуу тууралуу сунуш түшкөн,бирок экология менен өндүрүштүн коопсуздугунда үнөмдөбөйбүз”,-деп айтты "Альянс Алтын" компаниясынын башкы технологу Нурлан Мамырбаев.

Маалым кат

Жерүй - алтын кенинин чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи кен. Алдын ала маалыматтарга караганда, Жерүйдүн ресурсу 11,8 млн тонна кен жана тоннасына орточо 6,3 грамм алтын курамы бар 74,7 тонн алтынды түзөт же болбосо бул 2,9 млн унцияга барабар.

Кен Талас областында, Талас шаарынан 60 чакырымдык аралыкта, 3 000ден жана 3 600 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Кенден 22 чакырым жерде Тараз - Талас – Суусамыр магистарлдык унаа жолу өтөт, 160 чакырымдык жерде темир жол станциясы бар.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zherjd-ishtetd-ekologiya-chn-koopsuz-tehnologiyalar-koldonulat



Добавить комментарий