Жерүйдү иштетүү. Экологдор суу, топурак, флора жана фаунанын абалын тыкыр көзөмөлдөп жатат

1 июля 2019 16:20 2453 Barometr
Поделиться в:
ok


Экологдор атмосфералык абанын, радиациялык жагдай, добуштун жана вибрациянын деңгээлинин абалы, гидрогеологиялык шарттардын абалын тыкыр көзөмөлдөп, топурак кыртышынына, флора жана фаунага баалоо жүргүзүп жатышат. Айлана-чөйрөдөгү абаны жана суу объектилерин тыкыр мониторинг жүргүзүү ар бир сезондо  -квартал сайын ишке ашууда

Чүй экологиялык лабораториясынын инженер-химиги Елена Журавлеванын айтымында, айлана-чөйрөнү жана суу объектилерин мониторинг  кылган 12 жылда Жерүй кенине жакын аймакта эч кандай экологиялык нормалардын чектен чыгышы катталган жок, ал эми кендин айланасындагы радиациялык норма Кыргызстан боюнча орточо алганда эки эсе төмөн.   

Экологияны көзөмөлдөө бир нече этап менен жүргүзүлөт.

Тактап айтканда, биринчи этапта үлгүлөрдү же болбосо талаа жумуштарын топтоо жүргүзүлөт, алар лицензия алынган компаниялар - “Чүй экологиялык лабораториялары” жоопкерчилиги чектелген коому жана «Эко-сервис» жоопкерчилиги чектелген коому компаниялары тарабынан топтолот.

Алар муну эл аралык SRK Consulting көз карандысыз компаниясынын колдоосу менен аткарууда.

Кийинки баскычка лабораториялар кошулат.Баардык алынган үлгүлөрдү дароо беш көз карандысыз лабораториялар изилдейт.

Чүй экологиялык лабораториясы

“Кара-Балта тоо-кен комбинаты” ачык акционердик коомунун борбордук илимий-изилдөө лабораториясы

«Стюарт Эссей энд инвайронментал лэборэторис» ЖЧКсы

Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин лабораториясы

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин экологиялык мониторинг башкармалыгы.

Жерүй кениндеги экологиялык изилдөөлөр 2007-жылдан тартып башталган. 2015-жылдан тартып бул жумуштар ачык конкурста кенди иштетүү укугуна ээ болгон жана бул үчүн 100 млн. доллар төлөгөн «Альянс Алтын» компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде аткарылууда.

Эскерте кетсек, буга чейин "Альянс Алтын"  компаниясынын башкы технологу Нурлан Мамырбаев экология үчүн коопсуз болгон технологияларды колдонуша турганын айткан.

Калдык сактоочу жайдын курулушуна келе турган болсок, Жерүй кениндеги жана бүткүл аймактагы өзгөчө жана мыкты экологиялык коопсуздукту камсыз кыла турган алдыңкы технологиялар колдонулууда.

Калдык сактоочу жай алтын алуучу фабрика жайгашкан Айлампа капчыгайынын аймагына курулууда.

Айлампа табигый барьер-тосмо боло турган обочолонгон аймак. Ал тургай 9 баллдык жер титирөө дагы калдык сактоочу жайга эч кандай коркунуч алып келбейт, анткени бул кургак коопсуз породанын склады болуп саналат.

“Биз жабдуулар менен материлдардан эч кандай үнөмдөбөйбүз, биз үчүн кымбат болсо мейли эң сапаттуусун пайдалануу маанилүү. Бизге арзан сатып алуу тууралуу сунуш түшкөн,бирок экология менен өндүрүштүн коопсуздугунда үнөмдөбөйбүз”,-деп айтты "Альянс Алтын" компаниясынын башкы технологу Нурлан Мамырбаев.

Кенди казып алуу үстүбүздөгү жылдын октябрь айында башталмакчы. Алтын алуучу фабриканы 2019-жылдын декабрь айында ишке киргизүү күтүлүүдө

Бүгүнкү күндө алтын алуучу фабриканын курулушу жалпы көлөмдүн 45 пайызынча аяктады. Компания фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүүгө ниеттенүүдө - 1 млн 300 миң тонна кенден жылына 4-5 тонна алтын алууга ниеттенүүдө.

Компания Жерүйдүн доре куймасы түрүндөгү алгачкы алтынын алгандан кийин КРда алтынды аффинаждоону пландап жатат, ошол эле маалда аффинаждалган баалуу металлды КРнын өкмөтү менен Улуттук банкынын сатып алуу укугуна артыкчылык берүүгө милдеттенмекчи.

 Фабриканы Казакстандын ТОО ААЕngineering Group компаниясы куруп жатат, аны менен Жерүйдүн кен иштетүүчүсү-«Альянс-Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому 2018-жылы алтын алуучу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын курулушу үчүн ЕРС-контракт түзгөн.

“Биз аткарылган иштердин сапатына катуу көзөмөл жүргүзүп, ал тургай күнү-түнү видео байкоого алып жатабыз. Жерүй кениндеги баардык иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана дүйнөлүк стандарттарды бекем сактоо, анын ичинде экологиялык-техникалык коопсуздукту сактоо менен жүргүзүлүүдө”,-деп айтты Шубин журналисттерге.

Маалым кат

Жерүй - алтын кенинин чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи кен. Алдын ала маалыматтарга караганда, Жерүйдүн ресурсу 11,8 млн тонна кен жана тоннасына орточо 6,3 грамм алтын курамы бар 74,7 тонн алтынды түзөт же болбосо бул 2,9 млн унцияга барабар.

Кен Талас областында, Талас шаарынан 60 чакырымдык аралыкта, 3 000ден жана 3 600 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Кенден 22 чакырым жерде Тараз - Талас – Суусамыр магистралдык унаа жолу өтөт, 160 чакырымдык жерде темир жол станциясы бар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zherjd-ishtet-ekologdor-suu-topurak-flora-zhana-faunanyn-abalyn-tykyr-kzmldp-zhatat



Добавить комментарий