Жерүйдө алтын бөлүп алуучу фабриканын курулушу аяктоо алдында турат
Жерүй кенинде былтыр ноябрь айынын быйылкы январь айына чейин 35 миң тонна руда топтолуп даярдалды. Анын бир тоннасында 1,85 грамм алтын бар деп болжонууда. Ал ортодо курулуш-монтаждоо иштери дагы аяктап калды.
“Альянс Алтын” ЖЧКсынын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, учурда төмөнкү курулуштар аяктоо алдында турат:
Металлоконстркуциянын монтажы, алтын бөлүп алуучу фабриканын башкы корпусун жана тегерек-четин тосуу, майдаланган рудалардын кампасы;
Негизги техникалык жабдууну орнотуу, цехтерге түтүктүрдү туташтыруу;
Борбордук жабдуу-аналитикалык лаборатриясы менен административдик-тиричичлик комплекси (ичи жасалгаланууда);
Өзүнө трансформатордук үч подстанцияны камтыган өнөр-жай антчасындагы инженердик тармактары, өндүрүш жана өрткө каршы суу камсыздоо системасы жана жылытуу менен канализациялык түтүктөр (80 пайызга даяр);
Уулуу калдыктар сактала турчу жер (95 пайызга даяр).
Бардык иштер график боюнча жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/zherjd-altyn-blp-aluuchu-fabrikanyn-kurulushu-ayaktoo-aldynda-turat
Добавить комментарий ×