Жерүй кениндеги алтын өндүрүүчү фабрика жакынкы күндөрү ишке берилет

7 января 2021 09:45 1575 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй кениндеги алтын өндүрүүчү фабрика 2021-жылдын январь айынын аягында - февралдын башында ишке киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жерүйгө болгон иш сапарында белгилүү болду. 

Учурда кенде бардык калыбына келтирүү иштери активдештирилип, алтынды калыбына келтирүүчү фабриканын курулушу жанданды.

Жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков «Алтын Альянс» компаниясынын жетекчилиги менен кеңири диалог жүргүзүп, анын негизинде инвестордун, КР өкмөтүнүн жана жергиликтүү тургундардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар толугу менен чечилгендиги белгиленди.

“Кыргыз Республикасынын өкмөтү ишкананын ишине максималдуу жардам көрсөтөт. Кыш мезгилинин аягына чейин фабрика биринчи алтын куймасын чыгарат деп ишенем. Өз кезегинде, компания берилген бардык милдеттенмелерин аткарат», - деди Новиков.

Артем Новиков ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы экономикалык байланыштарды жана диалогду мындан ары дагы өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын өкмөтү үчүн инвесторлордун үзгүлтүксүз иштөөсү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү. Ошол эле учурда биз жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу маселесине чоң көңүл бурабыз. Учурда Талас облусун өнүктүрүүгө багытталган “Бакубат Талас” фондунун элге тийгизген пайдасынын жана эфективдүүлүгүн изилдеп чыгыш керек. Аталган фондун каражаттары коммерциялык банктын эсебинде турат. Бул каражаттардын бир бөлүгү региондогу ишкердүүлүктү колдоо үчүн пайдаланууга жумшаса болот. Каражат калктын жашоо-турмушун жогорулатууга жумшалгандыгын эл өзү көрүп турушу керек. 

Дагы бир маанилүү маселе - бул өнүмдөрдү өндүрүү үчүн экономикалык кластерлерди түзүү. Сөз азык-түлүк товарлары жөнүндө гана эмес, ошондой эле өнөр жай ишканаларынын продукциялары жөнүндө да жүрүп жатат. Ишкана жергиликтүү продукцияны максималдуу колдонушу керек. Бул жерде эки нерсе параллель иштеши керек. Бул факт жергиликтүү калк менен өз ара байланышты түзүүдө чоң кадам болот», - деди ал.

Ошондой эле Новиков кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптарды сактоо маселесине өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү активисттердин катышуусу менен көз карандысыз чет элдик эксперттер тарабынан калдык сактоочу жайдын курулушуна талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-kenindegi-altyndy-kalybyna-keltirch-fabrika-zhakynky-kndr-ishke-berilet



Добавить комментарий