Жерүй кенин иштетүүчү компания алтын алуучу фабриканы кантип куруп жатат?

25 марта 2019 16:33 6103 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй алтын кенинде  аны иштетүүчү «Альянс Алтын» жоопкерчилиги чектелген коому алтын чайкап алуучу фабриканын курулуш-монтаждоо иштерин үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин жүргүзөт. 

Экологияны коргоо максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды топуракка төгүү токтотулуп, топуракты булгаган кайсы гана зат болбосун агызууга тыюу салынган. Баардык топтолгон катуу калдыктар убактылуу калдык сактоочу жайдын аятында сакталууда, ал башка адистешкен уюмга берилет. Мурда колдонулган полиэтилен, пластмасса, пэт-бөтөлкөлөр, иштетилген май, металлолом, жыгачтын калдыктары, макулатура, унаа дөңгөлөктөрү утилизацияга берилет.   

«Альянс Алтын» ЖЧКсы белгилегендей, алтын алуучу фабриканын курамына кайра иштетүүчү комплекс кирет, алар курулуштун 15 негизги объектин түзөт. Булар: алтын алуучу фабриканын башкы корпусу, ири майдалоо корпусу, электролиз жана металл эритүү корпусу, кир жуучу жайы менен административдик-турмуш-тиричилик корпусу, ачык аянттагы  МТС склады, таза суу ичүүчү жана техникалык суу менен камсыздоочу инженердик курулмалар, суу алып чыгуучу курулмалар жана чарбалык-ичүүчу сууну тазалоочу курулмалар, насостук станциялар, электр менен камсыздоочу объектилер, унаа салмагын өлчөөчү, көзөмөл-өткөрүүчү пункттар, аянттар арасындагы унаа жолдору, калдык сактоочу жайдын аянты.

Кайра иштетүүчү жайдын курулушун ААЕngineering Group ТОО, «Баден Сервис» ЖЧКсы, «Электросила» ЖЧКсы, «Мехколонна КЭСС» ЖЧКсы ишке ашырууда. Курулуш иштеринде ошондой эле башка субподрядчик уюмдар бар.

Курулуш аянтындагы жумушчулардын 95 пайызын Кыргызстандын жарандары түзөт, алардын 44 пайызы Талас областынын өкүлдөрү.

Учурда аянтта 49 курулуш техникасы иштеп жатат.

Кайра иштетүүчү комплекстин курулушунун бюджети 272,9 млн доллар. «Джеруй» долбооруна  салынган жалпы инвестициянын көлөмү 596,3 млн доллар.

2019-жылдын 22-мартына карата кайра иштетүү комплексинин курулушу төмөнкүдөй абалда:

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-kenin-ishtetch-kompaniya-altyn-aluuchu-fabrikany-kantip-kurup-zhatat



Добавить комментарий