“Жерүй” алтын кенинде тоо иштери башталды
“Жерүй” алтын кенинде тоо кыртыштарын ачуу иштери башталды. Бул тууралуу “Альянс Алтын” компаниясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө биринчи блоктун 3760-3752 горизонтунда 5 000 м3 көлөмдөгү казуу иштери аяктоо алдында турат. Обьектте жумуш түнү-күнү жүрүп жатканын “Альянс Алтын” компаниясынын маалымат кызматы билдирди.
2019-жылдын аягына карата компания 257,4 миң м3 көлөмдөгү тоо кыртышын ачуу иштерин аткарууну жана Алтын сүзүп алуу фабрикасы (ЗИФ) үчүн кенди казууга киришүүнү пландап жатат.
Бекитилген техникалык долбоорго жана лицензиялык келишимге ылайык кендин “Түндүк-батыш” участкасынын үстүңкү катмарындагы кору (запасы) иштетилет.
Тоо иштерин жүзөгө ашыруу үчүн компания Caterpillar, Atlas Copco (Еpiroc), Terex, Dressta жогорку өндүрүштүк жабдууларды пайдаланат.
Ссылка: https://barometr.kg/zherj-altyn-keninde-too-ishteri-bashtaldy
Добавить комментарий ×