Жерүй алтын кени чыгарыла электе эле, өлкөгө жардамдар берилүүдө

18 декабря 2018 14:11 4612 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

"Алтын Альянс" ААКу Таластагы алтын кен чыгаруучу инфраструктураларды курууну улантып жатат. Үч жыл ичинде бир канча жумуштар бүткөрүлдү. Учурда 15 миң доллар өлчөмүндөгү каражат сарпталып, узундугу 50 километр болгон жолдорду реконструкциялоо жана оңдоо иштери аягына чыгып калды. Алтын кенге барчу  жолдун негизги бөлүктөрү бүтүп, болгону өйдө чыкчу жолдордун майда жумуштары калган. 2019-жылдын жай айлары менен жолдор толугу менен ишке киргизилип, кенди иштетүү жумуштары башталат. 3800 метр бийиктиктеги тоодон кенди иштетип чыгарууга бөлүнгөн $2 млн 746 миң каражаттын $1 млн 339 миңи сарпталып, иштетилип жатат. 

Кен чыгарууга тиешелүү бардык чарбалык обьектилердин 70%ы бүтүү алдында турат. Ал эми жаз айлары менен аягына чыгып калат. 

Ушул жумуштардын бардыгын аткарп жаткан 18 подрядчиктер бар, алардын бирөө гана Казакстандык компания. Алар курулуш иштери жана калдыктарды сактоочу жайларды салуу менен иш алып барууда. Калгандары бүт Кыргызтандын фирмалары.

Болгону сегиз айлык убакытка чейин созулган бир гана долбоор токтоп турат. «Альянс Алтын" компаниясынын мүдүрү Михаил Шубиндин айтымына караганда, долбоорду ишке ашырууга айрым маселелер жаралып жатат. 

"Биринчиден 2016-жылдары өкмөттүн этап менен долбоорлорду ишке ашырууга карата жоболорду токтотуп койгондугуна байланыштуу бир топ курулуш иштерин ишке ашырууга тоскоолдуктарды жаратууда. Бардык текшерүүлөрдөн өтүп, башка долбоорлор бүтмөйүнчө кийинкисин баштоого мумкүн эмес"-дейт Шубин өз сөзүндө. 

Учурда курулушту баштоо үчүн  «Альянс Алтын» компаниясы 4 экспертизадан өтүүдө. Мамлекеттик өндүрүш комитетинен, экология тармагынан, өзгөчө кырдаалдар министрликтен жана мамлекеттик курулуштан. Мына ушулардын барынан руксат алгандан кийин гана мамэкотехинспекциядан каттоодон өтүп, анан курулушту баштоого болот.

Мындан сырткары жерди алуу маселеси дагы бир топ убакытка чоюлган. Мамлекет 2015-жылы жарыяланган конкурстан утуп алгандарга жер ченемин бөлүп берүүнү убадалап, кийин  «Кыргызалтын» компаниясынын сатып алууга туура келген. Ошондой эле көп жылдардан бери электр жарыгын алуу да кечиктирилген. 2017-жылы гана «Чат-Базар» подстанциясы аркылуу электр энергиясын берүү тууралуу макулдашууларга кол коюлган. 2019-жылдын февраль айларында берилери айтылды-деп билдирет «Альянс Алтын» компаниясынын директору Шубин.

Жерүй алтын кенинин долбоорун ишке ашырууда 2015-жылдан бери лицензияга төлөнгөн 100млн долларды эсепке албаганда $104,3 млн каражат сарпталган. 2019-жылга $122,8 млн каражат каралууда. Ал эми толук бүткөнгө чейинки 2020-жылдарга $45,8 млн өлчөмүндөгү сумма каралат.

2015-жылдан 2018-жылдардын аралыгында Соцфондко 503,4 млн сом жана «Бакубат Талас» кайрымдуулук фондусуна 300 млн сом өлчөмүндөгү каражат кеткен.

Алтынды иштетүү иштери баштала элек жатып, «Альянс Алтын» компаниясы кайрымдуулук фонду аркылуу мумкүнчүлүгү чектелген жергиликтүү тургундарга жардамдарды берип жана мектеп-интернаттарга, майыптарга, ветерандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп келет.

Ал эми алтын чыгаруучу фабриканы иштетүү 2019-жылдын аяк жактарында ишке киришип баштайт. Алгачкы алтындарды ала баштагандан кийин, кенди кайра иштетүүчү «Кыргызалтын" компаниясына жиберилет. 

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-altyn-keni-chygaryla-elekte-ele-lkg-zhardamdar-berild



Добавить комментарий