Жерүй алтын кен компаниясы футбол боюнча турнир уюштуруп, байге акчаны жергиликтүү тургундун опрециясына беришти
Жерүй алтын кенинин иштеп чыгаруучусу "Альянс Алтын" чакан чөйрөдө футбол боюнча турнир өткөрдү. Турнирди залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арнашты.
Турнирдик беттештер 29-октябрда Талас районуна караштуу Өмүралиев айылдык аймагында болуп өттү. Жалпысынан 20 жаштан 50 жашка чейин жаш өзгөчөлүгүнө карай бөлүнгөн 10 команда оюн көрсөттү.
Кызыктуу жана катуу кашылышуулардын жыйынтыгында биринчи орунду жана "Альянс Алтын" кубогун 22 жашка чейинкилерден түзүлгөн жаштар курама командасы утуп алды.
Экинчи орунду 27 жаштагылардан, ал эми үчүнчү орунду болсо 40 жаштан өйдө курама камандалар утуп алышты.
Командалардын жана жеңүүчүлөрдүн чечими менен "Альянс Алтын" ишканасы тарабынан жеңүүчүлөр жана белектер үчүн бөлүнгөн акча жергиликтүү тургун Тынчтыкбек Алымкуловго берилди. Мунун себеби аталган жаран боор алмаштыруу боюнча операцияга муктаж. Ал эми операция абдан кымбат жана Индияда жасалат.
Добавить комментарий ×