Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо мыйзам бузуусуз өттү
Поделиться в:
БШК берген маалыматка таянсак, Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине болгон шайлоо мыйзам бузуусуз өттү.
Аталган мекеменин маалыматында 19-майда кыргызстандыктар Чүй, Нарын, Талас, Ош жана Баткен облустарынын 13 айылдык кеңештеринин өкүлдөрүн шайлашкандыгы айтылат. Жалпысынан 233 депутаттык мандатка 557 кандидат ат салышкан.
Техникалык камсыздоо үчүн 45 участкалык шайлоо комиссиясында 135 автоматтык эсептөөчү аппарат коюлган.
Шайлоодо 456 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү иш алып барган жана миңден ашык байкоочу катышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/zhergilikt-keeshterge-bolgon-shajloo-myjzam-buzuusuz-tt
Добавить комментарий ×