Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзамдын максаты жергиликтүү кеңештердин депутаттарын төш белгилер менен камсыздоо тартибин өркүндөтүү болуп саналат.
Мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн, ошондой эле алар жөнүндөгү жобону мыйзам аркылуу эмес, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилиши каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhergilikt-keeshterdin-deputattarynyn-statusu-zhnnd-myjzamga-zgrt-kirgizildi
Добавить комментарий ×