Жергиликтүү төрт судья кызматынан бошотулду

7 июля 2020 18:10 3562 Barometr
Поделиться в:
ok

Жергиликтүү төрт судья президенттин жарлыгы менен кызматынан алынды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун төрт судьясы мөөнөтүнөн мурда кызмат ордунан бошотулду.

Алар:

— Ош шаардык сотунун судьясы Атаназаров Нурланбек Алайдинович;

— Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Гилязетдинова Инара Ильгизовна;

— Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Жоомартов Кумушбек Рысбекович;

— Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбекович.

Ссылка: https://barometr.kg/zhergilikt-ajrym-sottor-zhnnd-zharlykka-kol-koyuldu



Добавить комментарий